Биз менен байланышыңыз

Министр Кадырбеков Самара Каримова боюнча буйрук чыгарды

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 2909 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Самара Каримованы Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматына кайтарган буйрукка кол койду. Анын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Буйрукта министр соттун чечиминин негизинде Каримованын кызматын кайтарып бергени жазылат.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылдын октябрь айында директор болуп  дайындалып, эки күндөн кийин, ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган.

Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алганы белгилүү болду.

14-январда Самара Каримова кызматка киришүү үчүн музыкалык мектепке барган, бирок эмгек жамааты ага каршы болуп чыгышкан.

Ош музыкалык орто окуу жайы өлкөдөгү эң ири музыкалык мекемелердин бири. Ал жерде 93 адам иштейт, 200дөн ашык студент билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM