Биз менен байланышыңыз

Быйыл айдоочулук күбөлүктөрдү, автоунааларды каттоодогу кызматтар арзандады

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 2225 | 0

2021-жылдын январынан баштап айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунааларды каттоо боюнча акы төлөнүүчү кызматтар 34 %га арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

2019-жылдын декабрь айында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган. Бланктардын баасы 9 эсе арзандаган, мурун алардын баасы болжол менен 920 сомду түзсө, азыр 100 сом 86 тыйын.

Жаңы айдоочулук күбөлүктөр жогорку сапаттагы материалдан (поликарбонаттан) жасалган, 20дан ашык коопсуздук элементтери бар, жарактуу мөөнөтү 10 жылга чейин, айдоочунун жеке маалыматтары жана фотосүрөтү күйүп кетпеши үчүн лазердик принтер менен басылган.

2020-жылдын март айында айдоочулук курамдын маалымат базасын түзүү кызматы акысыз көрсөтүлө баштаган. Аны менен күбөлүктүн баасы 184 сомго арзандады. Ошондой эле март айынан бери унааны кайра каттоо да ушундай эле баага арзандады, анткени аймактан чыкпай унааларды каттоодон өткөрүү кызматы да акысыз болуп калды.

Паспорттор боюнча:

Өткөн жылдын апрелинен баштап, 2017-жылкы үлгүдөгү eID-картаны шашылыш 3 сааттык убакытта каттоо жана тапшыруу боюнча кызматтын баасы 283 сомго, жалпы жарандык паспорт 679 сомго төмөндөдү. Ошентип, алардын наркы:

-Биринчи жолу алганда жана мөөнөтү бүткөндөн кийин алмаштырганда: eID-карта — 4100 сом, жалпы жарандык паспорт — 5523 сом;

-Жоготуп алып же мөөнөтү бүтүп алмаштырганда: eID-карт — 4300 сом, жалпы жарандык паспорт — 5723 сом;

— Аты-жөнүңүздү өзгөрткөндө: eID-карта — 4160 сом, жалпы жарандык паспорт — 5623 сом;

Ал эми 2021-жылдын январынан баштап айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунааларды каттоо боюнча акы төлөнүүчү кызматтар 34 %га арзандады.

Айдоочулук күбөлүк алуу 63 сомго арзандаган.

Унаанын кароо, маалымат базасын түзүү жана каттоо (кайра каттоо) кызматтарынын баасы 63-64 сомго арзандады.

Copyright © 2017 Maral FM