Биз менен байланышыңыз

«Бишкек санитардык полигонунун» жетекчиси дагы алмашты

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 547 | 0

«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасына Адил Назаров жетекчи болду. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Ишкананын буга чейинки директору Нурлан Наматов кызматынан бошотулду.

Адил Назаров буга чейин «Тазалык» ишканасынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

2020-жылдын 2-ноябрында Бишкек санитардык полигонунун башчылыгына эколог Динара Кутманова дайындалганы белгилүү болгон. Андан кийин ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы болду.

8-декабрда «Бишкек санитардык полигонунун» башчылыгына Нурлан Наматов дайындалган.

Жаңы жетекчи Адил Назаров 2020-жылы 26-октябрда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге каршы митингде шаардык мэрияга кирүүгө аракет кылгандардын арасында жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM