Биз менен байланышыңыз

«Ералаштын» автору Борис Грачевский коронавирустан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 421 | 0

«Ералаш» балдар юмордук киножурналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

2020-жылдын декабрь айынын аягында Грачевский COVID-19 оорусу менен Москвадагы №52 шаардык ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер алгач анын абалын оор деп айтышкан, кийинчерээк абалы турукташканы айтылган.

1968-жылдан бери Грачевскийдин эмгек ишмердүүлүгү кино менен байланышкан. Горький киностудиясында иштеген, Марк Донский, Александр Роу, Василий Шукшиндин тасмаларын чыгарууну уюштурган.

Борис Грачевский 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте «Ералаш» балдар юмордук кинохроникасын уюштуруп, анын директору жана көркөм жетекчиси болуп калган.

Грачевский Орус кинематографиялык искусство академиясынын мүчөсү, Орусиянын искусствого эмгек сиңирген ишмери.

Грачевский деген ысым «Ералаш» деген сөздүн синонимине айланган. Кесиптештеринин эскерүүсү боюнча, Грачевский өзү ар дайым жардамга кол сунган адам болгон. 

«Анын кинотасмалары менен бүтүндөй муун өсүп жетилген жана дагы он жыл бою көрө турган көрүүчүлөргө мурас катары калтырды», — дейт Мамлекеттик Думанын Маданият боюнча комитетинин башчысынын биринчи орун басары, актриса Елена Драпеко. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM