Марал Радиосу

Кыргызстанда 3500дөй адвокаттын лицензиясы бар

2020-жылы Юстиция министрлигинде адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу ниетин билдирген 347 талапкердин арызы каралган, анын ичинен 62 талапкер квалификациялык сынакты ийгиликтүү тапшырган.

Министрликтин маалыматына караганда, 85 жаран квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес.

2020-жылдын 31-декабрына карата Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4434 лицензия берилген, анын ичинен иштеп жаткан 3509 адвокаттын лицензиясы бар.