Биз менен байланышыңыз

Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөт

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 574 | 0

Бүгүн, 15-январда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында академик, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган «Адамдын эмгектен улуу тиреги жок» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачылык кечеси өткөрүлөт.

Улуттук китепкананын маалыматтык кызматынан кабарлашкандай, көргөзмөгө Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, газета-журналдык материалдар жана фото документтер коюлат.

Адабиятчы, сынчы, акын, академик Абдылдажан Акматалиев 1956-жылы Нарын шаарында туулган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) филология факультетин аяктаган. 1979-жылдан бери Илимдер академиясында эмгектенип, кенже илимий кызматкерликтен тартып, вице-президенттик кызматка чейин жетти.

Анын илимдеги негизги эмгектери элдик оозеки чыгармачылыкты (фольклор), «Манас» эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө арналган. Эмгектери түрк, орус, англис, немис, француз, кытай, жапон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көргөн.

Акматалиев илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого да салым кошуп, 9 илимдин докторуна, 49 илимдин кандидатына жетекчи болгон.

Анын жетекчилиги астында кыргыз адабиятына, маданиятына, оозеки чыгармачылыгына байланыштуу, айталы, «Манас» эпосунун Сагынбайдын жана Саякбайдын айтуусундагы варианттарынын академиялык басылмасы, «Эл адабияты» сериясынын 40 томдугу, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» 7 томдугу, «Балдар адабиятынын антологиясы» 2 томдугу сыяктуу 300дөн ашуун басылма жарык көргөн.

Жеке автордук бир нече илимий жана көркөм китептери басылып чыккан.

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2002, 2004), Эл агартуунун отличниги, Жапониянын Сока-Гаккай университетинин Ардактуу профессору, Түркиянын Тил коомунун академиги, АКШнын Калифорния илимдер жана искусство академиясынын академиги, мындан тышкары Кыргызстандагы 8 жогорку окуу жайдын Ардактуу профессору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM