Биз менен байланышыңыз

Коопсуздукка кош көңүл мамиле өспүрүмдүн өлүмүнө себеп болду

Коом , Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 985 | 0

Интернетте 2 күн мурун Каракол тоо-лыжа базасынан тартылган видео тараган. Аны тартып алгандар аталган базадагы эң кооптуу кыянын батыш тарабынан 12 жаштагы өспүрүм каза тапканын, бул жерден келген эс алуучулар көп жаракат аларын айтып чыгышкан. Бир нече жылдан бери келген меймандар бир катар оор жаракаттарды алып, адам өмүрү кыйылган учурлар көп болсо да, жергиликтүү администрация тосмолорду орноткон эмес.

12-январда Каракол тоо-лыжа базасында 12 жаштагы казакстандык өспүрүм каза болду. Бул тууралуу эс алуучулар социалдык тармактарга видео жарыялашкан. Кырсыкты тартып алып, интернетке жүктөгөн 26 жаштагы Закир Хасановдун айтымында, өспүрүм карагайды сүзүп, жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумган.

«Биз азыр Караколдогу тоо-лыжа базасындабыз. Ушул каттам, так ушул маршрут эң кооптуу деп эсептелет. 15 мүнөт мурун бул жерден 12 жашар бала каза болду. Бардыгы администрациянын шалаакылыгынан. Канча жылдан бери дал ушул аймакта адамдар майып болушкан, жакшы, алар майып болсо да мейли, бирок бул жерде адам өмүрү кыйылып жатат». 

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бирикен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн медайымы Чолпон Бектемирова аталган ооруканага ар түрдүү жаракат алып кайрылган бейтаптар кыш мезгилинде көп болорун айтат. Эс алуучулардын көпчүлүгү мээси чайкалып, же ар түрдүү сыныктар менен кайрылат. Бейтаптардын ичинде чет өлкөлүк эс алуучулардын да саны арбын.

«Негизи жыл сайын эле жаракат алган бейтаптар кайрылат. Алар ар түрдүү жеңил же оор жаракат менен бизге келип түшөт. Алардын ичинде чет өлкөлүк жарандар да бар. Бардыгына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт. Кээ бир бейтаптар биринчи жардам алып, анан борборго жөнөшсө, кээси толук айыккыча, биздин ооруканада дарыланышат».

Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова ар жыл сайын кышкы сезон башталганда, тиешелүү органдар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлөрүн, анткен менен коопсуздук маселесин камсыздоо ар бир курорттук комплекстин милдети экенин билдирди.

«Буга биз чара көрө албайбыз. Биз жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ал жерлердин текшерүү маселеси Мамэкотехинспекциянын милдетине кирет. Алар кышкы туризм мезгили башталганда, бардык тоо-лыжа базаларын текшерүүдөн өткөрөт». 

Дарыгерлер кышкы эс алуунун бардык түрлөрүнөн, анын ичинде лыжа жана сноуборд тебүү, тоодон баллон менен катуу ылдамдыкта түшүү — адам ден-соолугуна коркунучтуу экенин баса белгилейт. «Чункурчак» тоо-лыжа курорттук комплексинин кызматкери Анна Симонова кышында эс алуучулар баллон менен тоодон түшүүдөн көбүрөөк жаракат аларын эскертип, эс алуунун мындай түрүнөн оолак болууга чакырды.

«Негизи баллон менен катуу ылдамдыкта тоодон түшүүдөн адамдар көбүрөөк оор жаракат алышат. Анткени ал баллонду башкарууга мүмкүн эмес. Мен бул нерсени туура көрбөйм. Жана да мындай эс алуунун түрүнөн адамдар баш тартса дейм. Себеби көп учурларды угуп, көрүп эле жүрөм». 

Эскерте кетсек, быйылкы жылы пандемиянын кесепетинен кышкы туризм бир аз солгундады. Ага байланыштуу Туризм департаменти чет өлкөлүк туристтерди тартуунун аракетин көрүүдө. Муну менен катар алардын коопсуз эс алуусуна шарт түзүү маселесин да колго алса, жакшы болмогун адистер белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM