Биз менен байланышыңыз

Жактоочулар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышууда

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 713 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө.

14-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишин кароону улантмак. Буга кошумча жактоочулар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч киргизишти.

Сот отуруму 28-январга жылдырылды.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин омурткасынын эки жеринен грыжа аныкталды. Ошондой эле жүрөгүндө да көйгөй бар экени, кан басымы төмөн экени айтылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл эки айга кесилген.

Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында Батукаевге байланыштуу ишти кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM