Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын экс-президентине чыккан өкүм күчүндө калтырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 704 | 0

Түштүк Кореянын Жогорку Соту прокуратуранын апелляциялык арызын четке кагып, өлкөнүн экс-президенти Пак Кын Хенин өкүмүн күчүндө калтырды. Мындай маалыматты 14-январда «ТАСС» агенттиги жазды.

Пара алуу жана кызматын кыянат пайдалануу беренелери боюнча айыпталган Түштүк Кореянын экс-президенти 22 жыл түрмөдө отурушу керек. Анын ичинде 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликчил «Сенури» партиясынын талапкерлерине жардам көрсөткөнү үчүн эки жыл кошулган.

Пак Кын Хеге 2017-жылдын март айында импичмент жарыяланган. 2018-жылдын июль айында биринчи инстанция экс-президентти пара алгандыгы үчүн 15 жылга, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн дагы беш жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле ага 18 миллиард вон (16 миллион доллар) айып салынган.

Андан кийин апелляциялык сот Пак Кын Хенин түрмөдөгү жазасын 30 жылга чейин узартты. Бул өкүм бир нече жолу кайра каралып, экс-президентке коюлган айрым айыптар алынып салынган.

Жогорку Сот Пак Кын Хенин ишине чекит койду. Анын чечими акыркы болгондуктан, андан ары даттанууга жатпайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM