Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги республикалык бюджетке 7 миллион 290 миң 366 сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган агентиктин 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы ишмердигине аудит жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында агенттиктин жооптуу кызмат адамдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузганы, дары өсүмдүктөрдү жыйноого жеке жана юридикалык тараптарга уруксат берүүдө акыларды мыйзамга ылайык өндүрбөгөнү жана башка кемчиликтер аныкталган.
Кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн 290 миң 366 сом зыян келтирилген.
Бул факты 4-январда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.