Марал Радиосу

Бажы кызматы: Былтыр миңден ашык укук бузуулар катталды

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2020-жылдын 12 айында 1371 бажылык укук бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен Бузуулардын бирдиктүү реестрине 1155 факты, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 343 факт боюнча 216 материал катталган.

Бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 666,1 млн сомду түзөт.