Биз менен байланышыңыз

Солтонбекова: Бала багып алуучу үй-бүлөлөргө төлөнө турган акы жогорулатылды

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 592 | 0

Кыргызстанда кароосуз калган балдарды багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөргө төлөнө турган акынын көлөмү жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова маалымат жыйында кабарлады.

Министрлик тарабынан «Турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө» деген жобо иштелип, Өкмөт тарабынан бекитилген. Ага ылайык, фостердик үй-бүлө атайын окуудан өтүп, ийгиликтүү аяктаганда гана келишимдин негизинде баланы убактылуу тарбиялайт.

«Кыргызстандын 30дан 65 жашка чейинки ар бир жараны багып алуучу боло алат. Багып алуу менен асырап алуу эки башка. Асырап алууда баланын фамилиясы өзгөрөт, үй-бүлөнүн мүлкү каралат. Ал эми багып алууда келишимдин негизинде кайсы бир үй-бүлө убактылуу тарбиялайт жана кийин башка үй-бүлө да баланы багып ала алат. Багып алуучулар ата-энелик укугунан ажыраган же чектелген, физикалык, психологиялык жактан коркунуч жаралган үй-бүлөдөн болгон, жарым жетим же томолой жетим, майып балдарды багып алса болот», — деди Солтонбекова.

Министр Өкмөт тарабынан «Багып алуучулар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы бекитилгенин айтты. Анда Улуттук статистика комитети бекиткен жашоо минимуна жараша, багып алуучу үй-бүлөгө акы берилген.

Мурун бир балага деп төлөнсө, эми балдардын санына, жашына жараша төлөнөт. Эмгек акы жана баланы камсыздоого деп, бир балага 18 миң 757 сом берилет.

Кыргызстанда 2014-2020-жылдар аралыгында 200дөн ашык бала үй-бүлөлөргө берилген. Бүгүнкү күндө 44 үй-бүлө 72 баланы тарбиялоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM