Биз менен байланышыңыз

Баткен: Аткезчиликтен мамлекетке 4,5 млн сом өндүрүлдү

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 356 | 0

2020-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Баткен, Лейлек райондору жана Баткен, Сүлүктү шаарлары боюнча башкармалыгы аткезчиликке байланышкан 20 фактыны аныктаган. Анын негизинде териштирүү жүрүп, мамлекеттин казынасына 4 млн 565 миң 578 сом акча өндүрүлгөн. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Ал эми Баткен облустук Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 148 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринен  мамлекетке 5 млн 750 миң 680 сом акча кайтарылган.

2020-жылдын 18-ноябрында аткезчилик жол менен кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз жүк ташууга бөгөт коюу боюнча жумушчу топ түзүлүп, чек аралаш аймактарда көзөмөл күчөтүлгөн.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов 14-январда жумушчу топтун жыйынын өткөрдү. Ал аткезчиликке каршы күрөшүүнү күчөтүлгөн тартипте улантуу, рейддерди жүргүзүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөн жарандарды аныктоо тапшырмаларын койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM