Биз менен байланышыңыз

Пандемиянын экинчи жылы былтыркыдан да катаал болору айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 6426 | 1

Коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн. Мындай пикирин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан түз эфир учурунда билдирди.

Ал акыркы эки жумада уюмга келип түшкөн маалыматтар оорунун кайрадан жогорку чегине жеткенин айгинелейт деп белгиледи.

Маалыматтарга караганда, коронавирустун экинчи толкуну Түндүк жарым шарда, айрыкча Европа жана Түндүк Америкада кескин көбөйүүдө.

Инфекциянын жайылышына алып келген факторлор — кыш мезгили, жабык имараттарда элдин массалык топтолуусу, ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болуусу.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 90 миллиондон ашты, дээрлик эки миллион адам каза болду.

Өткөн суткада дүйнө өлкөлөрүндө 546 016 адамдан вирус табылып, 9884 бейтап каза тапты.

Кыргызстанда 14-январга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 82 723кө жетти. Бул оорудан 1378 бейтап көз жуумп, 78 миң 563 адам сакайды.

1 пикир

1 пикир

  1. Айна

    16.01.2021 10:21

    Анда эмнеге мектептерди ачып жатышат?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM