Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Сурабалдиева мектеп жана университеттердеги коопсуздук маселесин талкуулады

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 663 | 0

Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептер жана жогорку окуу жайларда окутуу кадимки тартипке өтүп жаткандыктан, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук маселеси көтөрүлдү.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, COVID-19 вирусунун жаңы түрүнүн Кыргызстандын аймагына кирүүсүн чектөө боюнча кабыл алынып жаткан чараларды талкуулады.

«Мектеп окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери чоң жоопкерчиликти түшүнүп, беткап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздоосу зарыл. Мындан тышкары балдардын имммунитетин чыңдоо, анын ичинде дене тарбия менен машыгуу, спорт жана тамактануу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек», — деди Сурабалдиева.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 12-январына карата өлкөдө жалпы 2100 мектеп окутууну реалдуу режимде жүргүзүп жатат.

Бишкек шаарындагы мектептер 18-январдан тарта, Ош шаарындагы мектептер 20-январдан тарта кадимки тартипте окута баштайт. Ал эми кесиптик жана жогорку окуу жайларда офлайн режимде окутуу февралда башталат.

Бала бакчалар ишин 20-январдан тарта жандандырат.

Copyright © 2017 Maral FM