Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы механизмди ишке киргизди. Ал МИКтин туунду ишканасы «Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.
Жаңы механизмге ылайык, турак-жайга керектүү сумманын тең жарымын 3-10 жыл аралыгында жарандар өздөрү топтойт. Калганын «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы берет.
«Ал үчүн жаран компания менен келишим түзүп, ай сайын топтомдорун жиберип турушу зарыл. Эсептеги депозиттер мамлекеттик колдоого алынат. Дагы бир чоң өзгөчөлүгү — турак-жайы бар жарандар да компаниянын кызматтарынан пайдалана алышат. Топтоодо чек жок, жаран мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат чогултат. Мисалы сиз бир жылда аталган сактык-компаниясына 1 млн сом топтогонго жетишсеңиз, бирок ала турган үйүңүз 2 млн сомдук болсо, анда жетпеген сумманы компания кошуп берет. Ал эми сиз компанияга аталган каражатты 6% менен бир канча жылга бөлүп төлөп бересиз. Компания Улуттук банктын көзөмөлүндө иш алып барат, андыктан ишенимдүү. Бул — дүйнөдө таанылган механизм. Маселен, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан соң турак-жай фондун ушул механизм аркылуу калыбына келтиришкен», — дейт Абжапарова.
Анын айтымында, «Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясынын каражаттарын турак-жай сатып алуудан (же куруудан) сырткары үйдүн аянтын кеңейтүү, капиталдык оңдоп-түзөөгө да сарптай алышат. Мындай кызматтар чет жакта жүргөн мекендештер үчүн да каралган.
Абжапарова МИК дүйнөлүк тажрыйбаны анализдеп, жаңы ипотекалык насыялоонун механизмдерин ишке киргизүү максатын көздөөрүн кошумчалады.