Биз менен байланышыңыз

«Эми ар бир жаран ипотекага үй ала алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2021 | 23623 | 5

«Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясы жарандардан каражатты сом менен гана кабыл алат. Насыялар да улуттук валютада берилет. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Айзаада Усупова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компаниянын кызматтарын пайдаланууда жаран мамлекеттик мекемеде иштеши керек деген талап жок. Ар бир жаран турак-жай системасынын катышуучусу боло алат.

Жарандын топтогон каражатын чыгарып кетүүгө, кирешесине байланыштуу төлөмдүн суммасын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

«Биздин кызматтан 18 жаштан өйдө курактагы жарандар пайдалана алышат. Айталы, үйдүн баасы 2 млн сом болсо, жаран 1 млн сомун топтошу керек. Быйыл финансылык булактарды кароо жумуштарынын үстүндө иштейбиз. Насыялар жылдык 6-9 % үстөк менен 3-20 жылдык мөөнөткө берилет», — дейт Усупова.

Айта кетсек, МИК жаңы механизмди ишке киргизди. Ал МИКтин туунду ишканасы «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Эми үй-бүлөлүү ар бир жаран ипотекага үй ала алат (жол жобосу)

Ипотекага үй алуунун жаңы механизми пайда болду

5 пикир

5 пикир

  1. Таалайбек

    14.01.2021 21:49

    Кызык ушулар, ала алышат баары дегенде би, жарым акчасын кайдан тапмак эле, уй элуу мин доллар болсо, жыйырма бешин тууйбу эмне,же колтугунун жунун сатып береби, берсенер башынан бергиле да кыйнатпай элди, калп эле тил эмизбей, же элдин баарын жинди, макулук коросунорбу, типа иштеп атабыз деп, былжырак соз,майды асып коюп бийигиреек анан мышыка эми тойгончо же дегендики да….

  2. Айнура

    14.01.2021 22:29

    Саламатсызбы?Мен Ош областынан жазып жатам.Оштон турак жай алсак болобу?
    Канча жылга берилет?
    Кандай документер керек?
    Бизде 1миллон сом жок да.
    Уйдун 20/30%берсек болбойбу?
    Биз мамлекеттик иште иштебейбиз.
    Ала алабызбы?Жооп берип коюнуздарчы.

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      15.01.2021 09:42

      Саламатсызбы? https://gik.kg/kg/ дарегинде кенен маалымат жазылган

      Ипотекалык насыялоо маселелери боюнча консультациялар:

      0772 98 89 01

      0552 98 89 01

      0771 98 89 01 номер whatsapp

  3. Эльнура жоробекова

    15.01.2021 01:45

    Биздей карапайым эл алса уйду сонун болмок.

  4. Гулбара

    15.01.2021 14:39

    Саламатсызбы мен бишкекте турам квартира частный садикте иштеймин мен дагы алсам болобу

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM