Марал Радиосу

«Эми ар бир жаран ипотекага үй ала алат»

«Ак-Босого» турак-жай-сактык кредиттик компаниясы жарандардан каражатты сом менен гана кабыл алат. Насыялар да улуттук валютада берилет. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Айзаада Усупова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компаниянын кызматтарын пайдаланууда жаран мамлекеттик мекемеде иштеши керек деген талап жок. Ар бир жаран турак-жай системасынын катышуучусу боло алат.

Жарандын топтогон каражатын чыгарып кетүүгө, кирешесине байланыштуу төлөмдүн суммасын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

«Биздин кызматтан 18 жаштан өйдө курактагы жарандар пайдалана алышат. Айталы, үйдүн баасы 2 млн сом болсо, жаран 1 млн сомун топтошу керек. Быйыл финансылык булактарды кароо жумуштарынын үстүндө иштейбиз. Насыялар жылдык 6-9 % үстөк менен 3-20 жылдык мөөнөткө берилет», — дейт Усупова.

Айта кетсек, МИК жаңы механизмди ишке киргизди. Ал МИКтин туунду ишканасы «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Эми үй-бүлөлүү ар бир жаран ипотекага үй ала алат (жол жобосу)

Ипотекага үй алуунун жаңы механизми пайда болду