Биз менен байланышыңыз

Матраимовдун өкүл баласы үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 730 | 0

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 13-январда кабыл алды. Сайпидинов сот залынан бошотулду.

Видео социалдык тармактын колдонуучусу Кундуз Ажибековага таандык. 

Савай айыл өкмөтүнүн башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-январда Сайпидиновду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармаган.

УКМКнын маалыматына караганда, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган жумуштун көлөмү 1 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөн. Ошондой эле спорт зал сапатсыз абалда колдонууга берилген.

Мындан тышкары, Ош шаарында жана Ош облусунда ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан топ түзүү фактысы тергелип жатат. Мунарбек Сайпидинов бул иште күбө катары өтүүдө.

Мунарбек Сайпидинов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

УКМК: Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM