Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кримтөбөл «Алтуха» кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 885 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Алтуха» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимов кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кримтөбөл 13-январда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында кармалды.

Ал кылмыш дүйнөсүндө негизги кызматтарды ээлегени айтылат. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде териштирүү жүрүүдө, өзү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

12-январь күнү Алтынбек Ибраимов Ички иштер министрлигине чакырылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыктан, баарлашууга чакырылганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM