Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Ондон ашык жаңы конушта тышкы жарыктандыруу иштери жасалат

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 490 | 0

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы быйыл ондон ашык жаңы конушта тышкы жарыктандыруу иштерин жасайт. Ошондой эле 10 миңдей светодиоддук лампаларды орнотот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Учурда тышкы жарык тармактарын модернизациялоо иштери жүрүүдө. Айрыкча көп жылдан бери жарыгы жок көчөлөрдө жана аллеяларда электр лампасын орнотууга көңүл бурулууда.

2020-жылы Бишкектин көчөлөрүнө, парктарга, скверлерге, веложолдорго, 31 турак-жайга, кубаттуулугу 50, 90, 120, 150 Вт болгон 13 миң 227 даана светодиоддук лампа орнотулду.

Иштеп жаткан жарык түйүндөрүндөгү 1 миң 382 чырак алмаштырылды. Мындан тышкары сырткы жарык тармактары, түркүктөр калыбына келтирилди.

Ишкананын өзүнүн цехинде тышкы жарык берүү үчүн 2 миңден ашуун бетон таяныч, 1800 темир түркүк, 10 миңге жакын кронштейн, 43 жарнак тактасы орнотулган.

«Бишкек жарык» ишканасы тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутумун киргизди. Бул энергияны натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM