Биз менен байланышыңыз

2020-жылы дээрлик 63 млрд сом салык жыйналды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 520 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнады. Бул сумма белгиленген пландан 107,3 млн сомго ашык болгон.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2019-жылга караганда салык 324,7 млн сомго көп жыйналды.

2020-жылдын ноябрь айында республикалык бюджетке Салык кызматы мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү тапшырмасы коюлган. Киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда, план ашыгы менен аткарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM