Марал Радиосу

Айнаш Аширова: 1500дөй мультфильмди кыргызча «сүйлөттүм»

30 жылдан ашуун балдар үчүн зор талантын тартуулап, тасмаларда жана мультфильмдерде үн коштогон режиссер, котормочу Айнаш Аширова «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында конокто болуп, жашоодогу болгон жакшы күндөрү жана жетпей калган тилеги, максаттары туурасында ой бөлүштү.

Милиционер болом деген кыялыма жетпей калгам

Айнаш деген ысым түрк тилинен которулганда «күзгү» дегенди билдирет. Мага бул атты чоң энем койгон экен. Өзүм Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөм. Ата-энем ал кезде Фрунзе шаарында окушчу. А мен чоң энемдин колунда калгам. Кийин окууну бүтүшүп, Караколго келишкенде, өз ата-энемдин колуна бардым. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — ред.) журналистика факультетине тапшырып, 3-курстан соң, оорума байланыштуу окууну аяктай албай калдым. Арадан бир топ убакыт өтүп кетип, кайра бүтүргөнгө шарт болбой калды. Балалыгымдагы эңсеген кесибим милиционер болуу эле. Бул кыялым ишке ашпай калганына өкүнүп келем. СССР убагында Компартия деген болор эле. Ага мүчө болгонго, өзүбүздү аябай мыкты сезчүбүз. Ошол кезде милиция кызматына азыркы тил менен айтканда, «кастинг» жарыяланып, Каракол шаары боюнча мен, анан дагы бир кыз өтүп, патрулдук-посттук бөлүмгө кабыл алынып, формалар да берилген. «Мына жумушка киришем» дегенде эле ооруп, операция болуп, 6 ай жатып калдым. Кийин барсам, офицер айым: «Сиздин денеңизге бычак тийип калган, кызматка ала албайбыз, кечирип коюңуз», — деди. Бул сөздү уккандан кийин аябай жаман болгом, кийин чыйралдым. Чындыгында, ал жерге ден соолугу чың, денеси соо адам керек да.

Талантым өзүм менен бирге жаралган

Кичинекей кезимде эле ыр-бийге шыктуу болчумун. Токмоктогу КПРдин режиссердук бөлүмүнө кирип, оорумдун айынан толук окуп бүтпөй калдым. Кийин Караколдогу элдик театрга жумушка орношуп, Атай Огомбаевдин «Ак тамак, көк тамак» деген пьесасын коюп, биринчи орунга ээ болгонбуз. Ушул элдик театрдан бий ийримин ачкам. Апам: «Чыгармачыл инсан бол, ушул чөйрө жан дүйнөңө жакын, кыргыз тили, адабиятынан да жакшы окугансың, балким, кийинчерээк мугалим болуп аласың», — деп журналистика факультетине окуткан эле. Ал кезде ата-эненин айткан сөзүнөн чыкпачубуз. Үн коштоо талантым болсо, кичинемден эле бар болчу. Короодогу болгон жан-жаныбардын үнүн туурачумун. Ата-энем: «Бул чоңойсо, жан-жаныбарды туураган неме болот го?» — деп күлүп калышчу. Мындай талант туугандарымда кездешкен жок.

Жумуш дегенде эс алууну унутуп койчумун 

1994-жылы КТРдеги «Рабаят» деген балдарга арналган көрсөтүүгө жумушка орноштум. Ал кезде берүүнүн алып баруучусу мыкты аялзат Бурул Асакеева болчу. Ошондон баштап, ушул күнгө чейин ушул кесип менен иштеп келем. Бир учурда 5 жерде иштеген күндөрүм болгон. Эң алгач, «Ну, погоди!» мультфильминде коёндун үнүн коштодум. Кийин «5 тыйын» деп аталган мультфильмде беш каармандын баарынын үнүн бир учурда коштоп чыгаргам. Азыр санасам, мультфильмде 1500гө жакын, кинодо 3000ден ашуун үн коштопмун.

Жашоомдогу жөлөгүм — кызым Асланайым

Элдин батасы менен кызым Асланайым бутуна турду. Кыргыз элимден айлансам болот, таазим кылам. Азыр болсо циркте кичинекей балдарга сабак берип жүрөт. Жакында экинчи операциясы болот. Кызым экөөбүз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, жашап келатабыз.

Эркектин үнүн тууроо оорчулук жаратты

Аюу жана эркектин үнүн тууроо мен үчүн кыйынчылык жаратып келген. Азыр дагы да болсо, үндөрдүн үстүндө иштеп келем. Өзүм үн коштогон мультфильмдерден Маша менен Бембинин образдары ушунчалык жакчу. «Ата мекендик мультфильмдер чыкса экен» деген тилегим бар. Азыр бизде мультфильмдер жокко эсе.

Маданият тармагы унутта калган

Маданият тармагы унутулуп бараткансыйт. Бул тарапта кызматта жүргөндөр деле жакшы билишет. Эми азыр бир аз болсо да, ичинен эленип жатат. Мурда «таанышың бар танкасың, таанышы жок маңкасың» болуп келген. Акыйкаттык болушу керек да. Бир топ жылдан бери унчукпай келгем. Буга чейин бир-эки ыры менен чыккандар «эмгек сиңирген артист» наамын алышкан. Башына келген дөөлөттү көтөрө албай калгандар да бар. Көп жылдан бери иштеп, бирок эч кандай наам албай жүргөндөр толтура. Алардын катарында мына мен да бармын. Кыргызстанда 30 жыл бою балдар менен иштеп келген мен эле болушум керек. Буга чейин «эмгегим элге сиңбей атса керек» деген ойдо келгенмин. Бирок, азыр күйөрмандарым жана талантымды сыйлап, урматтаган эл бар экени — мен үчүн чоң наам.

Жалгыз бой эне катары аялзатына кеңешим

Жубайлардын ортосунда түшүнүшүү жана бири-бирин сыйлоо болсо. Эркеги асылса, аялы унчукпай калбай, сөз кайтарып, анан чоң уруштун кесепетинен ажырашуулар толтура катталып жатат. Анан эң чоң көйгөй, кайнене-келин маселеси. Кайненеси миң жаман болсо деле, келини ийилип, жанына барып кечирим сурап, бетинен өөп койсо, таарынычы жазылат да. Кызыма дайыма: «Турмушка чыкканда, кайненеңди жакшы көрүп, сыйлап, мага белек бербестен, жолдошуңдун апасына бер», — деп айтып келем.

Exit mobile version