Биз менен байланышыңыз

Жапаров өзүнүн атын колдонуп опузалагандарга кайрылды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 791 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болгон талапкер Садыр Жапаров укук коргоо органдарына кайрылып, бир тууганы болсо да мыйзамсыз иштерди кылгандарды камоону талап кылды.

Бул тууралуу Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасына жазылды.

«Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин» деп, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо да, дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM