Биз менен байланышыңыз

Алексей Навальный Орусияга качан кайтарын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 597 | 0

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Орусияга качан кайтарын Твиттердеги баракчасына жазды.

Ал Германияда дарылануу  үчүн гана болгонун, 17-январда мекенине кайтарын жазды.

Алексей Навальный 2020-жылдын 20-августунда Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн.

22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер Навальный тыюу салынган химиялык зат менен ууландырылганын айтышкан.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Орусиянын Тергөө комитети 29-декабрда Алексей Навальныйга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM