Улуттук тарых музейинин ачылуусуна бир канча факторлор таасир этүүдө. Мындай пикирин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, музейди реконструкциялоо иштеринде Кыргызстан Германияга карыз болуп калган.
— Бирдиктүү буйрутмачыны реконструкцияга тартылган чарба субьектисинин ортосундагы финансылык маселелердин чечилбегендиги бар. Келишимге ылайык, аткаруучу компаниянын 225 миң 904 евро дебютордук карызы бар. Германия компаниясы бул сумманы төлөп берүү кепилдигисиз ишти бүтүрүүгө даяр эместигин айтып жатат. Демек, бул акчаны төлөмөйүнчө дебютордук карыз боюнча баары токтоп турат. Өткөн жылдын декабрь айында музейдин 95 жылдыгына карата ачууга ниеттенгенбиз, бирок ошол маалда саясий туруктуулук болбоду. Эми ушул жылдын март айына чейин ачууну пландап жатабыз, — деди Балташев.
Балташев ошондой эле бул иш боюнча сот иштери да аягына чыга электигин, Германияга болгон карыздар боюнча 2021-жылдын бюджетине кирбей калгандыгын, ал үчүн саясий чечимдер керек болуп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 247 млн сом болгон, анын ичинен 101,6 млн сому музейге, 145,9 млн сому ат майданга тиешелүү.
Учурда Сапар Исаков кайда экени белгисиз, ага эл аралык издөө жарыяланган. 6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон башаламандык учурунда абактан бир топ саясатчы чыгарылган. Алардын көбү кайра камакка алынган. Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов абакка кайткан эмес.