Марал Радиосу

Португалиянын президентинен коронавирус аныкталды

Португалиянын президенти Марсело Ребело ди Соузанын коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын расмий сайты маалымдады.

Маалыматка ылайык, президенттин анализинен коронавирус инфекциясы бар экендиги аныкталган.

Мамлекет башчысы катыша турган бардык иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Буга чейин Армениянын президенти Армен Саркесян да коронавирус жуктуруп алган.