Биз менен байланышыңыз

Орусия: Жол кырсыгында 4 аскер каза болду, 45и ооруканада

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 442 | 0

Москванын четиндеги Новориж шоссесиндеги автокырсыктан төрт жоокер каза таап, бери дегенде 45 адам жаракат алган, анын 16сы оор абалда. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги жазды.

11-январда жүк ташыган автоунаа жоокерлерди ташып бараткан автобустар менен кагылышкан. Кырсыктан 5 автобус жабыркаган.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четинде токтоп турган автобустарды сүзгөн.

Учурда кырсыкка себеп болгон машиненин айдоочусу кармалып, тергөө иштери башталганы кабарланды. Агенттик жазгандай, айдоочу бул жол кырсыгында өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM