Биз менен байланышыңыз

УКМК: Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 922 | 0

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновго Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

УКМКнын маалыматына караганда, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган жумуштун көлөмү 1 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган. Ошондой эле спорт залдын курулушу сапатсыз абалда колдонууга берилген.

Мындан тышкары, Ош шаарында жана Ош облусунда ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан топ түзүү фактысы тергелип жатат. Мунарбек Сайпидинов бул иште күбө катары өтүүдө.

Учурда айыл башчы УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин УКМК Кара-Суу районундагы эки айыл өкмөт башчысынын үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Анын бири Мунарбек Сайпидинов болчу. Кийин ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан өзүнүн туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбаевдин апасына орой мамиле жасалганын, ошондой эле Замир аттуу адамдын «Камчыбек Ташиевдин таанышымын» деп коркутканын айтып, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дарегине видео кайрылуу жасаган.

УКМК бул маалыматты четке каккан.

Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин ачыктаган.

2020-жылдын 23-ноябрында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мунарбек Сайпидиновду кабыл алган. Ташиев айыл өкмөт башчысын жарандар менен өткөрүлүп келген жолугушуулардын графигине ылайык кабыл алганы айтылган.

Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына видео кайрылуу жасаган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидиновдун арызын угуп, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы бардык маалыматтарды ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койгон.

Copyright © 2017 Maral FM