Биз менен байланышыңыз

Эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы шайлоого берген баасы

Саясат , Шайлоо-2021 | 11 Янв 2021 | 991 | 1

Кезексиз президенттик шайлоого жана өлкөнүн башкаруу формасын тандоочу референдумга эл аралык уюмдардан, көз карандысыз жана өкмөттүк уюмдардан миңден ашуун байкоочу көз салды. Алардын катарында бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар тобу Кыргызстандагы шайлоолорго оң баасын берди. Топтун жетекчиси Владимир Норов 10-январдагы шайлоону өлкө мыйзамдарынын жана эл аралык талаптардын чегинде өткөнүн билдирди.

«ШКУнун байкоочулар тобу Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумга даярдык учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Өнөктүк Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук».

ШКУнун өкүлү одоно мыйзам бузуулар катталбаганын, ЖМКлардын ачык-айкын чагылдыруусуна шарт түзүлгөнүн кошумчалады. Ал эми КМШ мамлекеттеринин байкоочулар тобу да Кыргызстандагы шайлоолор боюнча пикирин билдирди. Миссиянын жетекчиси Василий Волковдун айтымында, Кыргызстан шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө болгон аракетин көргөн. Байкоочу топ жарандардын эркин добуш берүүсү камсыздалып, купуялуулук сакталды деп эсептейт.

«Өлкөдөгү 627 шайлоо тилкесин кыдырып чыгып, анын даярдыгына жогорку баа бердик. Анча көп эмес мыйзам бузууларды эске албаганда, шайлоо ачык-айкын өттү».

Шайлоодо добуш берүүгө жалпы 3 563 574 жаран укук алган болсо, анын 39 %ы гана катышты. Василий Волков жарандардын көпчүлүгү добуш берүүгө барбаганын «№2 Форма» жокко чыкканы менен байланыштырды. Ички миграцияга байланыштуу добуш берүү жагдайларын дагы да иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү да шайлоо жыйынтыгына канааттануусун билдирди. Топтун башчысы Гутали Али жараян учурунда байкоо жүргүзүп турганын, андагы техникалык каржаттар шайлоонун таза өтүүсүн шарттаганын белгиледи.

Мындан тышкары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынан келген өкүлдөр шайлоо тилкелери ачылгандан баштап, добуш эсептелгенге чейин байкоо жүргүздү. Анын жетекчиси Режеп Шекер Боршайкомдун биометрика сыяктуу жогорку технологияларды колдонуусун жогору баалап, демократиялык талаптар сакталганын кошумчалады.

Буга катар Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинен келген байкоочулардын башчысы Мирвахид Азимов да оң баасын берди.

Андан соң эл аралык байкоочу топтордун өкүлдөрү президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушуп, эпидемиялык жана экономикалык кыйын кырдаалга карабай, шайлоону жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн куттукташты.

Ал эми Талант Мамытов эл аралык байкоочулардын берген баасы өлкө үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM