Марал Радиосу

«Шайлоонун жыйынтыгы боюнча анализдер жүргүзүлүшү керек»

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча анализдер жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, талапкерлер канча добуш алгандыгы кызыктуу булак болуп эсептелет.

Шайлоо жана референдумга шайлоочулардын катышуусу пассивдүү болду. Буга бир катар себептер бар, алардын бири — шайлоочулардын саясатчы, талапкерлерге ишениминин төмөндүгү.

«Парламенттик шайлоодо шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу республика боюнча бардык аймакта байкалган. Парламенттик шайлоого аттанган партиялар, талапкерлер тарапташтарын шайлоого катышууга көп чакырган. Бул жолку шайлоодо талапкерлердин активдүүлүгү байкалган жок. 1-2 ай мурда эле саясатка аттанган талапкерлер эмнегедир алдыга чыгышты. Ошол эле мезгилде көпчүлүк талапкерлерге караганда «баарына каршы» көп добуш алды. Бул коомдун жалпы саясатчыларга, талапкерлерге ишениминин төмөндүгүн айгинелейт», — дейт Кайыпов.