Марал Радиосу

Абакиров: Биздин ишибиз эми башталды, дагы уланат

Президенттикке талапкер Эльдар Абакиров шайлоодон соң шайлоочуларына кайрылуу жасады. Анда ал өзү үчүн добуш эмес, ар бир адам маанилүү экенин белгилеген.

— Менин атаандашым саясатчылар эмес, экономикалык кризис,жакырчылык экенин кайталайм. Менин командам өлкө боюнча эң мыкты экенин айта кетейин. Менин тарапташтарым — Кыргызстандагы өзгөрүүнү каалагандар, кесипкөй, таза кадрларды каалагандар. Бул биздин ишибиздин башталышы гана. Буюрса, алдыда дагы уланат, — деп кайрылды Абакиров.

Эскерте кетсек, ал президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, 0,54 % добушка ээ болду.