Марал Радиосу

Мадумаров: Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбайм

Адахан Мадумаров бүгүн, 10-январда саат 21.00 чамасындагы журналисттерге өткөргөн маалымат жыйында шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

«Ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат: «Мен шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм», — деп айтканга. Көпчүлүгү азыр түшүнбөй жатса керек, «Эмнеге мындай болуп кетти?» — деп. «Жеңилген киши качан эле таанып жүрчү эле?» — деген өтө арзан сөздөр болот. Кыргыз калкы так билип коюшу керек, аз мезгил ичинде кандай балакеттер менен ушундай болгондугунун жүзү ачыла турган күн келет», — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал шайлоого элдин аз катышуусун жапайычылыкка болгон каршылык катары баалады.

«Садыр Жапаровду эл колдогон жок, кыйкырып жаткандардын баары — фейктер. Социалдык тармактарда аны колдоп жазгандарды өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек. «Жапаров» деп кыйкырып жаткандардын жазгандарынан эле көрүнүп турат. Бүгүн айрым ЖМКлар Жапаровдун штабында 300дөй компьютер менен отургандарын айтып чыгышты», — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал мыйзамдуулук үчүн күрөшүп келгендигин жана күрөшө бере тургандыгын билдирди.