Марал Радиосу

Караколдо тез татым жайынан өрт чыгып, бир адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тез татым жайынан өрт чыгып, 20 жаштагы А. Н. аттуу кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 6 адам ар түрдүү күйүк алышкан. Жабыркангандар тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары туруктуу экени айтылды.

Министрликтин маалыматы боюнча, тез тамактануучу жайда газ баллон жарылган.