Марал Радиосу

Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өтөт

12-январда белгилүү кинорежиссер, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы «Манас» ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак.

Аталган күнгө карата Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өтөт.

Болот Шамшиев «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка тасмалардын режиссёру болгон.

Ал 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында көз жумган.