Марал Радиосу

Бишкектеги шайлоо тилкелеринде абал тынч

Бүгүн, 10-январда Бишкектеги шайлоо тилкелеринде абал тынч. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Саат 14:30га карата милиция кызматкерлери бардык жерде абалды көзөмөлдөп жатышат. Ал эми инспекторлор унаа жолдорунда тыгындарды болтурбоо үчүн кыймылды көзөмөлгө алышууда.