Марал Радиосу

Жээнбеков: Шайлоо эки тур менен өтөрүнө ишенем

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1343 шайлоо участкасынан добуш берди.

Президенттик жарышка алгачкы ирет катышып жаткан саясатчы шайлоо мурункуларга салыштырмалуу таза өтүп жатканын айтты. Ошол эле учурда мыйзам бузуулар да катталып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары ал өз сөзүндө шайлоо эки тур менен өтө турганына ишенерин айтты.

Садыр Жапаров №1053 шайлоо участогунда добуш берди (видео)