Марал Радиосу

Кочкоров: Коркутуу, административдик ресурс колдонуу учурлары болууда

Президенттик кызматка талапкер Улукбек Кочкоров бүгүн, 10-январда добуш берүүгө катышты.

Ал Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №1208 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Улукбек Кочкоров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

«Шайлоо тилкелеринде эч маселе жок. Кемчиликтин баары анын сыртында. Ошол эле коркутуу, административдик ресурсту колдонуу», — деди Кочкоров.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат.

Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганын айтты