Марал Радиосу

Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганын айтты

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганы боюнча суроого комментарий берди.

«Конституциялык нукка киришсе, туура эмес иш-аракеттерин моюндарына алып, 5-октябрдан берки кабыл алган чечимдерин жокко чыгарып, конституциялык талаада иштейбиз деп убада беришсе, карап көрөбүз», — деди Мадумаров.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер Адахан Мадумаров, бүгүн 10-январда кезексиз президенттик шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда Бишкектеги №1211 шайлоо тилкесинде добуш берди.