Марал Радиосу

БШК: Карантин киргизилген өлкөлөрдө кыргызстандыктардын шайлоого катышуусуна уруксат берилди

Эпидемиологиялык абалдын начарлыгына байланыштуу жарандардын кыймылына чектөө киргизилген өлкөлөрдө Кыргызcтандын жарандарынын шайлоого катышуусу дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук кызматтар тарабынан иштелип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Кытай элчилигинин жана башка компетенттүү органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын шайлоого катышуусуна уруксат берилди.

Түркия бийлиги да шайлоо күнү Кыргызстандын жарандарынын кыймылына уруксат алуу өтүнүчүн туура кабыл алды.

Италиянын территориясындагы аймактардын ортосундагы кыймылдын катуу тыюу салынганын эске алуу менен, Кыргызстандын элчилиги кыргызстандыктардын кыймылына жол ачуу мүмкүндүгүн иштеп чыкты. Италиянын Тышкы иштер министрлигинен алынган расмий Нота боюнча, Кыргызстандын жарандарына добуш берүү үчүн Римге «маршруттук баракчаны» (autocertificazione) толтуруп келүүгө уруксат берилди. Баракчада кыймылдын себеби шайлоого катышуу экендиги көрсөтүлүшү керек.

Германиядагы кыргыз элчилиги өлкө аймагындагы мекендештердин шайлоого катышуусуна пандемия боюнча нускамаларга каршы келбөө шарты менен уруксат берилди.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, коронавирустун штаммынын таралышы менен улуттук локдаундун 22-февралга чейин узарганына карабастан, шайлоого жана референдумга катышуу үчүн үйдөн чыгууга уруксат берилет.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган же иш менен жүргөн жарандарынын шайлоого катышуусун камсыздоо үчүн 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылган.

Exit mobile version