Марал Радиосу

Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан аймактагы 228 шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары шайлоо участкаларында иш алып барган комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө шайлоо участкаларында алгачкы өрткө каршы шаймандары, кошумча чыгуу эшиктери, байланыш телефондору жана кирүү-чыгуу багыты көрсөтүлгөн схемалары боюнча түшүндүрүлдү.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 9-10-январь күндөрү ар бир бекитилген шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте нөөмөткө турушат.

Exit mobile version