Марал Радиосу

КРге түз инвестициялардын кириши дээрлик 31%га төмөндөдү

Экономика министрлигин маалыматына ылайык, 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанга түз инвестициялардын кириши дээрлик 31%га төмөндөп, жалпы суммасы 398 млн 35 миң долларды түздү.

Өлкөгө тартылган түз инвестицияларга караганда сыртка агылган каражаттын көлөмү 320,7 миллион долларга көбөйүп, жалпы суммасы 719 млн 8 миң  долларга жеткен. Инвестициянын тышка агылышына пандемия жана парламенттик шайлоо себеп болгону айтылды.

Белгилей кетсек, 2019-жылы дал ушул мезгилде (январь-сентябрь) түз инвестициялардын өлкөгө кириши 1 млрд 77 млн долларга чыккан. Ошондой эле сыртка агылган каражаттын көлөмүнөн 403,87 миллион долларга көп болгон.

Exit mobile version