Марал Радиосу

Исаев Жапаровду жандаган, Кытайда туулуп-өскөн депутат тууралуу маалыматты текшерүүнү талап кылды

Эскертүү: Бул — жарнамалык негиздеги материал. Анын мазмунуна «Марал» телерадио компаниясы жооп бербейт. 

Социалдык тармактарда, кечээ 6-январда президенттикке талапкерлердин дебаттарында Канатбек Исаевдин билдирүүсү катуу талкууга алынып жаткан учуру.

Исаев дебат учурунда азыркы тапта күйөө баласы Кытай губернатору болуп жүргөн, Кытайда туулуп-өскөн Жунус уулу Адыл аттуу депутаттын Садыр Жапаровду жандап жүргөнүн, ал адам тууралуу күмөндүү маалыматтар бар экенин айткан эле.

Бир катар маалымат булактары, айтылып жаткан сөздөрдүн чын-бышыгын билүүгө аракет кылышкан.

Маселен, «Клооп-Азия» сайты: «Бишкектеги Ибраимов, 100 дарегинде (Киев көчөсү менен кесилишинде) Жапаровдун штабы жайгашкан. Буга чейин бул имаратта «Бай Таш Групп» курулуш компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Аталган компаниянын негиздөөчүлөрү катары кытайлык Ван Минжин жана Чжу Чуньбинь көрсөтүлгөн.» — деп жазат.

Ал эми депутат Жунус уулу Адыл буга чейин, «Эйр Кыргызстан» компаниясын Кытайга сатууну сунуштап чыкканы менен эсте калган.

Аталган сайт ошондой эле: «Бул Жапаровдун Кытай менен байланышы тууралуу айтылган биринчи учур эмес. Анын шайлоо фондуна акча которгондордун ичинен кытайлык «ХУА-ЭР» компаниясы коомчулуктун көңүлүн бурган. Ал Жапаровдун шайлоо фондуна 1 млн сом жардам көрсөткөн. Бул компания кыймылсыз мүлктү сатып алуу менен алектенет. Каражаттарды алардын атынан Гүлзаада Бердалиева которгон», — деп маалымдайт.

Дебат учурунда Канатбек Исаев аталган маалыматтар УКМК тарабынан текшерүүгө алынышы керектигин белгилеген эле. Бирок УКМК азырынча үн ката элек.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Канатбек Кедейканович Исаевдин шайлоо фондунун өкүлү Шамшидин уулу Разак аркылуу төлөндү.

КР БШКсындагы каттоо күбөлүгү №14 от 13.11.2020-ж.

Exit mobile version