Марал Радиосу

Молдокматов «Замандаш» партиясынын лидерлигинен кетти

«Замандаш» партиясын 3 жылдан бери жетектеп келген Жеңиш Молдокматов лидерликтен кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Анын айтымында партияны мындан ары Аскарбек Өмүракунов жетектейт.

«Замандаш» — элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан, тарыхы таза, өз багыты бар партия. Мухтарбек Сүйүналиевич башында туруп, эл назарына алынган, калктын купулуна толгон. Ушундай партияны жетектеп кетүү, жетекчи катары партиянын кадырын көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Партияны жетектөө мага берилген аманат экенин эстен чыгарбай жүрдүм. Биздин курам партияны саясий аренага саясий партия, катары көргөзгөнгө аракет кылдык жана саясий билдирүүлөрдү ар бир абалга жараша билдирип турдук».

Партиянын жаңы лидери — Аскарбек Өмүракунов анын мурдагы лидери Муктарбек Өмүракуновдун уулу. Жеңиш Молдокматов мындан ары да ага колдоо көрсөтүп турарын айтып, өз ишин саясий чөйрөдө улантарын кошумчалаган.