Марал Радиосу

«Tez Jet» авиакомпаниясынын учагы бузулуп, артка кайтты

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы айрым каттамдардын артка кайтарылышы тууралуу маалымат берди.

Мекеменин Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматка таянсак, «Tez Jet» авиакомпаниясынын учагы 6-январда саат 15:20да «Манас» эл аралык аэропортунан Ошко учкан.

Саат 15:42де техникалык себептерден улам учак «Манас» эл аралык аэропортуна кайтып келген.

Жүргүнчүлөр башка бортко которулуп, саат 16:51де Ош шаарына учуп кетишкен.

Жарандык авиация агенттиги жана компания каттам аяктагандан кийин техникалык кароо жүргүзөт.