Марал Радиосу

Юрий Краковецкий Дохада өтө турган мелдешке катышат

Юрий Краковецкий

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкий Доха (Катар) шаарында өтө турган «Doha Masters» эл аралык рейтинг мелдешине катышат.

Мелдеш 11-13-январь күндөрү өтөт.

Аталган мелдеште Юрий Краковецкий 100 кг жогору салмакта катышат.

Краковецкий жана машыктыруучусу Катардагы мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен жөнөтүлөт.