Марал Радиосу

Маалыматтык системаларды оптималдаштыруу боюнча техникалык кароо жүргүзүлөт

Салык кызматы 7-10-январь күндөрү салык кызматынын сервердик жабдууларын жана маалыматтык системаларды оптималдаштыруу боюнча техникалык иштерди жүргүзөт.

Бул иштер электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин сапатын жогорулатуу максатында жасалат.

Буга байланыштуу Салык кызматынын «Жеке кабинет», «Электрондук эсеп-фактуралар» сыяктуу электрондук кызматтары техникалык үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.