Марал Радиосу

Марат Жороев Бишкектин башкы архитектору болуп дайындалды

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасына Марат Жороев жетекчи болуп дайындалды.

Шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Марат Жороев «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген.

Бишкектин буга чейинки башкы архитектору Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалганын 25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлаган.

Түлөбердиев соттун токтому менен 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болору маалымдалган.