Марал Радиосу

Уй жылында уй тууралуу кызыктуу фактылар

Өткөн 2020-чычкан жылы коронавирус илдети жана саясий туруксуздук менен элдин эсинде калды. Жаңырган 2021-жыл уйдун мүнөзүнө жараша туруктуулуктун жана берекенин жылы болсо экен деген тилек кылып, уй тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Ата-бабаларыбыз сүттүн пайдалуулугун «Ак ичсең ден соолугуң чың болот», — деген бир ооз кеп менен эле түшүндүрүп коюшкан. Сүттүн курамында адамдын организимине керектүү калий, натрий, кальций, фосфор, темир, йод сыяктуу 80ден ашуун минералдык элемент бар.

2020-жылга карата алынган статистика боюнча Кыргызстанда жалпы 1 млн 680 миң уй бар, анын ичинен 835 миңи — саан уй.

СССР убагында Кыргызстанда 1 млн уй болсо, анын 96%ы асыл тукум зоот уй болгон.

Ал эми дүйнө жүзүндө 1 млрд 300 млн уй бар.

Жер жүзүндө күнүнө 1,5 млн, жылына 580 млн литр сүт ичилет.

Уй мүнөтүнө 100 жолу кепшейт, орточо 20 жыл жашайт. Анткен менен жүз жылга чейин жашагандары да бар.

Бир уй туулгандан өлгөнгө чейин болжол менен 200 миң стакан (50 миң литрдин тегереги) сүт берет.

Айрым өлкөлөрдө бул жаныбарга сый-урмат көрсөтүшөт. Мисалы, индуизм динин тутунгандар уйду ыйык деп баалашат. Бул динди карманган өлкөлөрдө уйду өлтүргөндөр катуу жазага, кала берсе өлүм жазасына кириптер болушат.

Кыргыздар илгерки убакта «ак сатылбайт» деп, сүт же сүт азыктарын сатканды жаман көрүшкөн. Анткен менен учурда ак сатып жан баккандардын катары арбып барат.