Марал Радиосу

Аксы районунун акими алмашты

Жыргалбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койду.

Аксы районунун буга чейинки акими Эсеналы Ормоналиев өз арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулганы кабарланды.